# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 53 "Бишкек шаардык кенешинин аппаратын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 53 "Бишкек шаардык кенешинин аппаратын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29224/edition/11343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 53 "Бишкек шаардык кенешинин аппаратын түзүү жөнүндө" токтому (04.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009355

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 140 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 29-сентябры № 53

Бишкек шаардык кенешинин аппаратын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №422 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык расписаниесин, ченемдерин жана санын бекитүү жөнүндө” токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты 38 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:

Административдик муниципалдык кызмат орундары - 27 штаттык бирдик; Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 11 штаттык бирдик.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы №57 “Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык саны жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу

Ж.А. Абдраимов
