Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 26-июну № 105 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2024-жылдын 22-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.