# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындагы № 16 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо" өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындагы № 16 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо" өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29219/edition/11328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындагы № 16 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо" өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009343

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 23-майы № 16

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо» өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин "ЭЖС" боюнча Кара-Балта филиалынын жылуулук менен камсыз кылуу объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары Н. Рыскулбек уулунун маалыматын угуп, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мүлктүк комплексти (активдерди), штаттарды, каржылоону жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин "ЭЖС" боюнча Кара-Балта филиалынын милдеттенмелерин кабыл алууга макулдук берилсин, анын ичинде:

- "ЭЖС"БОЮНЧА ЖЭБ;

- "Буудай" отканасынын;

- "Борбордук" отканасынын (№ 1 орто мектеби);

- "Шопоков" отканасынын (№ 9 орто мектеби);

2. Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы Маданият, Спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгына "ЭЖС" боюнча Кара-Балта филиалынын мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасынын орун басары

А.Р. Сатыбалдиев
