Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо» өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 23-майы № 16
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо» өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин "ЭЖС" боюнча Кара-Балта филиалынын жылуулук менен камсыз кылуу объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары Н. Рыскулбек уулунун маалыматын угуп, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мүлктүк комплексти (активдерди), штаттарды, каржылоону жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин "ЭЖС" боюнча Кара-Балта филиалынын милдеттенмелерин кабыл алууга макулдук берилсин, анын ичинде:
- "ЭЖС"БОЮНЧА ЖЭБ;
- "Буудай" отканасынын;
- "Борбордук" отканасынын (№ 1 орто мектеби);
- "Шопоков" отканасынын (№ 9 орто мектеби);
2. Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы Маданият, Спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгына "ЭЖС" боюнча Кара-Балта филиалынын мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасынын орун басары
А.Р. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.04.2024 · № 89