# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29197/edition/11276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009302

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-июну № 306 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын борборун көрктөндүрүү, санитардык абалы жана экологиялык коопсуздугу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:

- 1-пункт "мамлекеттик органдарына" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
