# Көк-Жар айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-февралындагы № 4 “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын арызын кароо" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-февралындагы № 4 “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын арызын кароо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29183/edition/11253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-февралындагы № 4 “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын арызын кароо" токтому (24.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009276

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 24-февралы № 4

“М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын арызын кароо

Көк-Жар айылдык кеңештин 24.02.2024-жылдагы сессиясынын күн тартибинде каралган 1-чи маселе боюнча “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын тиешелүү документтерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши төмөнкүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсына караштуу “Западный Бек-Тоо” участогунан кум-шагылдуу аралашма казууга берилген 14,47 га жана 12,65 га жер тилкесинин 7,12 га жери жайыт комитеттин карамагына калтырып, калган 5,53 га жер тилкесин 14,47 га жер тилкесине кошуп, баардыгы 20,00га жер тилкесине экологияны сактоо багытында “туристтик жайга” айлантуу максатында сунушун канаттандырды.

Төмөнкү координаттар боюнча: Х У

1. 13 475 896, 0 4 738 278, 0

2. 13 476 230, 0 4 738 171, 0

3. 13 476 173, 0 4 737838,0

4. 13 476 007, 0 4 737 652, 0

5. 13 475 721, 0 4 737 829, 0

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде аймактык реформа башталып, Көк-Жар айыл аймагын Бишкек шаарына өткөрүп берүүнүн алкагында Көк-Жар айылынын жайыт комитети тарабынан жайыт жерлердин акысы айылдык кеңеш тарабынан каралып бекитилбегендигине байланыштуу № 20,00 га жер тилкесинин ижара келишими Көк-Жар айылынын жайыт комитетинин укук мураскери менен түзүүгө сунушталсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрайымы

А.Сатаркулова
