# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17

- Толук аталышы: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/17
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29137/edition/11161/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17 (18.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009221

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын

2024-жылынын 18-январы №31/17

“Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө.”

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, токтом кылат:

1.Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү, Т.Балтагулов айылдык аймагынын Т.Балтагулов айыл өкмөтү жана Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүн бириктирүү жолу менен “Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевге жүктөлсүн.

3. “Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн” мекемесине өткөрүп берүү актысы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы –акимдин 2024-жылдын 15-январындагы №11- б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Айылдык кеңешинин төрагасы:

Умаров А .
