# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10625/edition/11149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 14-июну ПЖ № 157 Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында ырайым кылуу жол-жоболорун регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 3-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-октябрындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
