Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 157 «Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 14-июну ПЖ № 157 Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында ырайым кылуу жол-жоболорун регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 3-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-октябрындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө Жобо (КР Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 157 Жарлыгына)Положение · 14.06.2024 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР Президентинин 2010-жылдын 28-октябрындагы № 266 "Кечирим берүү…Указ · 28.10.2010 · № 266 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР Президентинин 2010-жылдын 28-октябрындагы № 266 "Кечирим берүү…Указ · 28.10.2010 · № 266 · Күчүн жоготкон