# Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241/34-8 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241/34-8 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 241/34-8
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29124/edition/11130/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241/34-8 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (10.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009200

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын

2024-жылдын 10-майы № 241/34-8

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 08.05.2024-жылдагы №01-19/1207 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин ”Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосунун 1параграфынын 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын; “Талас шаарынын муниципалдык ишканасында эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык иштелип чыгат жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин материалдык жактан кызыктыруу жана дем берүү системасын, эмгекке акы төлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт”

1. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.

Төрага

К. Джаныбеков
