Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 241/34-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 08.05.2024-жылдагы №01-19/1207 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин ”Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга) эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” Жобосунун 1параграфынын 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын; “Талас шаарынын муниципалдык ишканасында эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык иштелип чыгат жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин материалдык жактан кызыктыруу жана дем берүү системасын, эмгекке акы төлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт”
1. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.
Төрага
К. Джаныбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.