# Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 40 "Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 40 "Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29048/edition/11012/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 40 "Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтому (16.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009071

---

АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын

2022-жылдын 09-сентябрындагы № 40

Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284-Жарлыгына негиз Ак-Турпак айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын курултайын өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Төралиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Ак-Турпак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын курултайын Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10:00 дө өткөрүү жагы белгиленсин.

2. Айыл аймактардан делегаттарды шайлоо кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасына негиз Ак-Турпак айыл аймагынын калкынын санына жараша жети калктуу конуштан 100 (жүз) делегат шайлансын.

3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган 2022-жылдын 15-24-октябрь күндөрү жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындардын графиги жана ага жооптуу айылдык кеңешин депутаттарынын тизмеси бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешин төрайымын орун басары А.Тешебаевага тапшырылсын.

Төрайым

Ахунова С.
