Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «»Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында, Борду дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө «Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-июну № 1244-VII
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында, Борду дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө "Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 29-мартындагы чыг. № 19-2350) "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында, Борду дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө "Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Н.А. Азыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.