# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2125-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын четке кагуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2125-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын четке кагуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2125
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15455/edition/11010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2125-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын четке кагуу тууралуу" токтому (30.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009062

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 30-майы № 2125-VII

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын четке кагуу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы четке кагылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 1908-VII;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 1908-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1989-VII.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
