# Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233/34-8 "Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнүн №111/1 дарегинде жайгашкан жалпы 5.1282 га муниципалдык жер тилкесинин 20016,25 чарчы метр жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мыйзам талаптарына ылайык өткөрүп берүүгө жана 3.1265,75 га жер тилкесине мектеп курууга макулдук жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233/34-8 "Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнүн №111/1 дарегинде жайгашкан жалпы 5.1282 га муниципалдык жер тилкесинин 20016,25 чарчы метр жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мыйзам талаптарына ылайык өткөрүп берүүгө жана 3.1265,75 га жер тилкесине мектеп курууга макулдук жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 233/34-8
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29028/edition/10982/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233/34-8 "Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнүн №111/1 дарегинде жайгашкан жалпы 5.1282 га муниципалдык жер тилкесинин 20016,25 чарчы метр жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мыйзам талаптарына ылайык өткөрүп берүүгө жана 3.1265,75 га жер тилкесине мектеп курууга макулдук жөнүндө" токтому (10.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009036

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын 2024-жылдын 10-майы № 233/34-8

Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнүн №111/1 дарегинде жайгашкан жалпы 5.1282 га муниципалдык жер тилкесинин 20016,25 чарчы метр жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мыйзам талаптарына ылайык өткөрүп берүүгө жана 3.1265,75 га жер тилкесине мектеп курууга макулдук жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 сандуу Тескемеси, Талас шаарынын мэриясынын 11.04.2024-жылдагы №19 буйругу жана Талас шаарынын мэриясынын 29.04.2024-жылдагы №01-19/1118 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнүн №111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5.1282га муниципалдык жер тилкесинин 2.0016,25 га жер тилкесин көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мыйзам талаптарына ылайык мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнүн №111/1 дарегинде жайгашкан 3.1265,75 га муниципалдык жер тилкесине Россия федерациясы тарабынан 1200 орундуу, орус тилдүү мектеп курууга макулдук берилсин.

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

Төрага

К. Джаныбеков
