# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2128-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2128-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2128-VII
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15442/edition/10959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2128-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ" токтому (05.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 5-июну № 2128-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: 2024-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө; Курманкул Токторалыевич Зулушевди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө; “2023-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (Жөнөкөй операциялар \[Жеңилдетилген\]) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Жазык кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялары” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), КР менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана КР менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: КР ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) жана 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызмат ордуна Асаналиев Максат Кубатовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
