# Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2 "Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2 "Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/2
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008983>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28987/edition/10930/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2 "Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө" токтому (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008983

---

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы

2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер –укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү ”21 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун бекитүү тууралуу” №291 токтомун негизинде Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Кыштак айыл айымагына караштуу калктуу конуштардагы жер мунапысына кирген жерлердин аянты 0,25 га чейин бекитилсин.

2. Үлүш жерлерине үй салынган болсо аянты 0,04 га чейин. Мурда ээленип калган фонддун жерлерин аянты 0,20 га чейин Жайыт жерлерине 0,25га чейин. Суулу жерден 0,15 га чейин деп бекитилсин.

3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Машрапов
