# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 301-т ("Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесин сурдокотормо кызматтарын жалгыз көрсөтүүчү деп аныктоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 301-т ("Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесин сурдокотормо кызматтарын жалгыз көрсөтүүчү деп аныктоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 301-р
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19225/edition/10910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008961.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 301-т ("Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесин сурдокотормо кызматтарын жалгыз көрсөтүүчү деп аныктоо тууралуу) тескемеси (31.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008961

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 3-июну № 301-т

Угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар жарандарга сурдокотормо кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 54 тескемесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмеси сурдокотормо кызматтарын жалгыз көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бир булактан сатып алуу методу менен сурдокотормо кызматтарын сатып алууга ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчү менен контракт түзсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул тескеме эки жыл аралыгында колдонулат деп белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
