# Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябры № 104 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябры № 104 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28956/edition/10885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябры № 104 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому (09.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008942

---

Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 26-сессиясынын токтому

2023-жылдын 27-октябры № 104 Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде “Миң-Булак айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин.

3. Александровка, Крупское жана Беш-Көрүк айылдарынын аталыштары ошол бойдон калсын.

4. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириккенден кийин административдик борбору катары Садовое айылы эсептелсин.

5. Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы “Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө” №81-токтому, 2023-жылдын 29-августундагы “Александровка айылдык кеңешинин “Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө” 2023-жылдын 10-августундагы №81-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №91-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин (жаңы редакцияга байланыштуу).

6. Ушул Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналивке жүктөлсүн.

Төрайым

Давузова М.Ю.
