# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 290-т (2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын улуттук координациялык органынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 290-т (2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын улуттук координациялык органынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 290-р
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008906>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19223/edition/10852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 290-т (2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын улуттук координациялык органынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси (28.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008906

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 28-майы № 290-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 309-т тескемеси менен бекитилген 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасын актуалдаштыруу жана ишке ашыруу, жалпы стратегиялык багытты аныктоо жана натыйжалуу башкаруу, анын ичинде долбоорлорду артыкчылыктуу кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16, 17-беренелерине ылайык:

1. 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын улуттук координациялык органы (мындан ары - Улуттук координациялык орган) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын ишке тартылган министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Улуттук координациялык органга көмөк көрсөтсүн, ошондой эле анын суроо-талаптары боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук координациялык органдын катчылыгы болуп аныкталсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын улуттук координациялык органынын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук координациялык органдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Улуттук координациялык органдын төрагасынын орун басары. Улуттук координациялык органдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору.
