Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Көгарт ГЭС» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Октябрь бириктирүүчү» ирригациялык каналын) берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-майы № 288-т
Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Көгарт ГЭС" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылына жакын Көк-Арт дарыясынын жээгинде жайгашкан Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын балансында турган "Октябрь бириктирүүчү" ирригациялык каналы аянты 6,1 га жер участогу менен (идентификациялык номери 3-05-08-0005-0086) чакан гидроэлектр станция куруу үчүн 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга (убактылуу) берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу чарба кызматы жана "Көгарт ГЭС" жоопкерчилиги чектелген коому "Октябрь бириктирүүчү" каналын ижарага берүү келишимин төмөнкүлөрдү кароо менен түзсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын каналдын башкы суу алуучу курулмасын башкаруу укугун сактоо;
2) каналдын башкы суу алуучу курулмасы аркылуу сууну өткөрүү режимдерин сактоо үчүн контролду Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу чарба кызматына жүктөө;
3) ирригациялык максаттар үчүн сууну артыкчылыктуу пайдалануу;
4) ижара акысын республикалык бюджетке киргизүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте "Көгарт ГЭС" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ижарага алынуучу объектке убактылуу пайдалануу укугун мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон