# 3-берене

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5344/edition/10850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008904/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-3

---

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги преамбулада "биочөйрөдөгү" деген сөз "биосферадагы" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 1-беренеде:

а) 2-бөлүктө "ресурстарын" деген сөздөн кийин ", туристтик-рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо маанисиндеги аймактарды, айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттарын" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана туруктуу иштетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

3) 2-беренеде:

а) мамлекеттик тилдеги төртүнчү абзацта "биочөйрөлүк" деген сөз "биосфералык" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"суулуу-саздак жерлер - табигый жана жасалма акваториялар, анын ичинде көлмөлөр, тайыз суулар, ошондой эле суулуу бети адатта жер үстүндө жайгашкан, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана сууда жана суунун жанында жашаган, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын башка түрлөрү массалык жашаган, уялаган, көбөйгөн жерлер болуп саналган аймактын ашыкча нымдалган участоктору;";

в) мамлекеттик тилдеги жетинчи абзацта "өзгөчө коруктар" деген сөздөр "корукчалар" деген сөзгө алмаштырылсын;

г) жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же жасалма келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук байлык болуп эсептелген, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын участоктору; жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен чарбалык пайдалануудан толук же жарым-жартылай алып салынган, жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, рекреациялык өзгөчө мааниге ээ жаратылыш комплекстери жана объекттери жайгашкан жердин, суу бетинин жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигинин участоктору;";

д) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"бивак жайы - түнөө же эс алуу үчүн туристтик топ жайгашуучу жер (токтоочу жай); биосфера - тирүү организмдер жашаган, алардын таасири астында турган жана алардын жашоо-тиричилигинин продуктулары ээлеген, анда Жердин глобалдуу экосистемаларын туюндурган биологиялык тутумдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлүүчү Жердин катмары; биосфералык корук (биосфералык резерват) - жаратылышты коргоо мыйзамдарында аныкталган стандарттарды, критерийлерди жана талаптарды эске алуу менен ошол аймакта жана ага жанаша жайгашкан аймактарда жаратылыштын экосистемаларын жана генофондду сактоо, жаратылыш чөйрөсүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн, жана эл аралык программаларга (ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасы ж.б.) ылайык өзгөчө илимий, жаратылышты коргоо баалуулугунан же экологиялык маанисинен улам аларды сактоо жана кеңири жайылтуу аларга карата артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы; геологиялык парк (геопарк) - Жердин геологиялык тарыхы, жергиликтүү ландшафттардын түзүлүшү ачык көрүнүп турган, азыркы жана келечек муундар үчүн уникалдуу экологиялык мааниси, тарыхый, илимий жана башка баалуулугу болгон, региондун геологиялык мурасын таанууда коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурган флоранын жана фаунанын тарыхка чейинки объекттеринин калдыктары массалык тартипте сакталып калган өзгөчө корголуучу статусу бар регион; мамлекеттик жаратылыш-корук фонду - бардык категориялардагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жыйындысы (мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар); мөңгү - көбүнчө атмосферадан келип чыккан муздун массасынан турган, оордук күчүнүн таасири астында илээшкек пластикалык агымга дуушар болгон жана агымдын, агымдар системасынын, куполдун (калкандын) же калкып жүрүүчү плитанын формасын алган, атмосфералык катуу жаан-чачындын (кардын) көп жылдык оң балансында топтолушунун жана андан кийин кайра түзүлүшүнүн натыйжасында пайда болгон объект; кар күрткүсү - курчап турган кар катмары эригенден кийин жылдын бир бөлүгүндө же бүтүндөй жылуу мезгилинде жердин үстүнкү бетинде сакталып турган кардын жана муздун кыймылсыз (кээде жай жылуучу) топтолушунан турган жана рельефтин ошол эле формаларында дайыма жаңыланып турган жана тоолордо кышкы шамалдын жана кар көчкү коркунучунун басымдуу багыттарынын индикатору катары кызмат кылган, рельефке, агын сууга, топурак-өсүмдүк катмарына активдүү таасир эткен объект.";

4) 4-берененин 1-бөлүгүндө:

а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) мамлекеттик тилде "биочөйрөгө" деген сөз "биосферага" деген сөзгө алмаштырылсын;

5) 4-1-берененин 6-бөлүгүндө, 11-берененин 3-бөлүгүндө, 15-берененин 2-бөлүгүндө, 24-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 5-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары алардын максаттуу багытына жана жаратылыш ресурстарын жана объекттерин коргоо режимине жараша Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу тарабынан кабыл алынган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык келген төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

- мамлекеттик жаратылыш коруктары;

- мамлекеттик биосфералык коруктар;

- биосфералык аймактар жана/же резерваттар;

- мамлекеттик жаратылыш парктары;

- дендрологиялык жана зоологиялык парктар;

- ботаникалык бактар;

- мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук);

- мамлекеттик жаратылыш эстеликтери;

- трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү;

- экологиялык коридорлор;

- геологиялык парктар (геопарктар);

- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

- микрокоруктар.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Кандай болбосун категориядагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары өзүнүн жайгашуусу жана башкаруу системасы боюнча трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусуна ээ болушу мүмкүн.";

7) 6-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосферапык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана микрокоруктар жана алардын жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчигинде жана коргоосунда гана турат жана анын улуттук байлыгы болуп саналат.";

б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына кирген мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын жерлери Кыргыз Республикасынын жер фондунун курамдык бөлүгү болуп саналат.";

8) 7-беренеде:

а) 1 жана 2-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык жана экономикалык негиздемени эске алуу менен түзүлөт. Тиешелүү аймактарда тарыхый-маданий мурас объекттери болгон учурда, илимий жана тарыхый маалыматтардын негизинде алардын тарыхый-маданий маанилүүлүгүн көрсөтүү менен тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашуу талап кылынат.";

9) 8-беренеде:

а) берененин аталышы "туристтик" деген сөздөн кийин "жана башка" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга тартуу, ошондой эле жаратылыш жана тарыхый-маданий ажайып жерлер менен тааныштыруу, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына стационардык байкоо жүргүзүү пункттарын түзүү үчүн зарыл болгон курулмаларды тургузуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туристтик-рекреациялык ишти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон жеңил конструкциядагы курулмаларды алардын функционалдык зоналарынын режимдерине жараша тургузуунун жана ал жакка баруунун тартибин (келүүчүлөрдүн аймакта болуу убактысынын узактыгы ж.б.) белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:

"3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туристтик-рекреациялык ишти өнүктүрүү үчүн капиталдык курулуш объекттерин (туристтик-рекреациялык маанидеги объекттерди) курууга аларга чектеш гана аймактарда (алардын чектерине 500 метрден жакын эмес) Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилет.

4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана алардан тышкары жактарда капиталдык объекттерди жана жеңил конструкциядагы курулмаларды тургузуунун (куруунун) техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлери бааланууга жана мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.";

10) 21-беренеде:

а) 5-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Чектелген чарбалык иш зонасында администрациялык-чарбалык багыттагы объекттер жана музейлер жайгаштырылат, мамлекеттик жаратылыш паркын коргоо жана иштешин камсыз кылуу, ага келгендерди тейлөө үчүн зарыл болгон чарбалык иштер жүргүзүлөт, жеңил конструкциялардагы (капиталдык эмес) курулуштар (курулмалар) жана санитардык талаптарды сактоо менен мейманканаларды, кемпингдерди жана ачык асман алдындагы экзпозицияларды, туристтерди тейлөөнүн башка объекттерин, ошондой эле байланыш курулмаларын эксплуатациялоо жүзөгө ашырылат.";

11) 21-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21-1-берене. Суулуу-саздак жерлер

1. Сууну байырлаган канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жашоо чөйрөсү катары артыкчылыктуу экологиялык мааниге ээ болгон суулуу-саздак жерлердин аймактарында жаныбарлар дүйнөсүн, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн коргоо жана көбөйтүү боюнча чараларды кароочу өзгөчө жаратылыш коргоо режими белгиленет.

2. Суулуу-саздак жерлердин аймактарында өзгөчө жаратылыш коргоо режимин белгилөө чарбалык ишти жүргүзүүдө тиешелүү суулуу-саздак жерлер үчүн белгиленген режимди сактоого милдеттүү болгон жер участогунун менчик ээсинен же жерди пайдалануучудан тиешелүү суу объектисин же анын бөлүгүн жана ага чектеш аймакты (коргоо зонасын) алып коюуга алып келбейт.

3. Суулуу-саздак жерлер мамлекеттик, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги болушу мүмкүн.

4. Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги суулуу-саздак жерлерге суулуу-саздак жерлердин тиешелүү тизмелерине киргизилген жерлер кирет.

5. Экологиялык, ботаникалык, зоологиялык, лимнологиялык же гидрологиялык көз караштан алганда, эл аралык өзгөчө маанилүүлүгүнүн негизинде аныкталган жана эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлердин тизмесине киргизилген жерлер эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлерге кирет.

6. Сууда байырлаган канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жашаган жери катары экологиялык артыкчылыктуу мааниге (анын ичинде эл аралык мааниге) ээ болгон суулуу-саздак жерлерди аныктоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жөнгө салынат.";

12) 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-берене. Мамлекеттик корукчалардын максаттары жана милдеттери

1. Мамлекеттик корукча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар бекитүүчү жобонун негизинде иштейт.

2. Корукчалар илимий негиздеменин негизинде жаратылыш комплекстерин же алардын айрым компоненттерин сактоо, кайра өндүрүү, калыбына келтирүү максатында белгилүү бир убакытка түзүлөт.

3. Корукчаларга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

- жаратылыш комплексин же анын өзүнчө компонентин сактоо;

- флоранын жана фаунанын пайдалуу жана баалуу, анын ичинде сейрек кездешүүчү же жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрүн сактоо.

4. Комплекстүү корукчадан башка корукчаны түзүү жерди негизги пайдалануучудан тиешелүү жер участогун (суу объектисин) алып коюуга алып келбейт. Жерди пайдалануучулар чарбалык иш жүргүзүүдө корукчанын режимин сактоого милдеттүү.

5. Мамлекеттик корукчалар максаттуу багыты боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- бүткүл жаратылыш комплекси коргоодо болгон комплекстүү корукчаларга;

- белгилүү бир, анын ичинде баалуу, сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү үчүн багытталган зоологиялык жана ботаникалык корукчаларга;

- токойдун типтүү участокторун жана/же айрым өзгөчө баалуу жана/же сейрек кездешүүчү бак-дарак жана бадал түрлөрүн сактоо максатында түзүлүүчү токой корукчаларына;

- сейрек кездешүүчү геологиялык түзүлүштөрдү (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды, палеонтологиялык объекттерди ж.б.) коргоо максатында түзүлүүчү геологиялык корукчаларга;

- көбөйүү, миграция же кыштоо мезгилинде канаттуулардын жана башка жаныбарлардын түрлөрүнүн чогулуучу жерлерин коргоо үчүн белгилүү бир аймакта (акваторияда) түзүлүүчү сезондук корукчаларга.

6. Жер участокторунун менчик ээлеринде жана жерди пайдалануучуларда болгон бардык категориялардагы жер участокторунда мамлекеттик комплекстүү корукчаны түзүү Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте аларды алып коюуга жана жер участокторун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которууну (трансформациялоо) жүргүзүүгө алып келет.";

13) 23-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-1-берене. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары

1. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:

- биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;

- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу, экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;

- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.

2. Микрокоруктардын бүткүл аймагы коргоо режиминин аспектисинде мамлекеттик жаратылыш коругунун өзөк зонасына (негизги зонага) теңдеш турат.

3. Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында эки функциялык зона бөлүнүп турат:

- өзөк зонасы (негизги зона);

- туристтик жана рекреациялык иш зонасы.

Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өзөк зонасында (негизги зонада) мамлекеттик коруктар үчүн каралган режим белгиленет. Туристтик жана рекреациялык иш зонасында жаратылыш комплекстерин жана аймагында жөнгө салынуучу туристтик жана рекреациялык ишке, туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду уюштурууга, рекреациялык жүктүн ченемин эске алуу менен бивак жайларын жана кароочу аянтчаларды орнотууга жол берилген объектилерди коргоону камсыз кылуучу коргоо режими белгиленет.

4. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлөт.

5. Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

14) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 23-2 - 23-4-беренелер менен толукталсын:

"23-2-берене. Геологиялык парк (геопарк)

1. Геологиялык парк (геопарк) төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:

- жаратылыш комплекстерин, уникалдуу жана эталондук жаратылыш участокторун жана жаратылыш мурасы болуп саналган, экологиялык жактан маанилүү объекттерди сактоо;

- ландшафттарды сактоо;

- калктын экологиялык билиминин деңгээлин жогорулатуу жана агартуу;

- жөнгө салынуучу туризм жана эс алуу үчүн шарттарды түзүү;

- жаратылыш ресурстарын сактоону жана калыбына келтирүүнү эске алуу менен рекреациялык пайдалануу;

- биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоонун илимий методдорун иштеп чыгуу;

- тиешелүү аймактардын сакталышынын абалына экологиялык мониторингди жана контролдоону, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу;

- бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерди калыбына келтирүү.

2. Геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүү жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Геологиялык парк (геопарк) өзү карамагында турган орган тарабынан бекитилген жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык иштейт.

4. Геологиялык парк (геопарк) мамлекеттик, жергиликтүү жана эл аралык мааниге ээ болушу мүмкүн.

5. Геопарктын мамлекеттик же жергиликтүү мааниси аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүү менен аныкталат. Геопаркка эл аралык маанидеги статус анын эл аралык ченемдерге жана талаптарга шайкештигинин жана аны ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктар тизмесине киргизүүсүнүн негизинде ыйгарылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-2)  
Кийинки берене: [23-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-23-3)
