# 23-4-берене. Мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-23-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5344/edition/10850/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 23-4-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-23-4

---

1. Өзгөчө корголууга тийиш болгон айрым мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилет.

Белгиленген чектерде мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоо) аларда чарбалык ишти алып салууга жана аларды пайдалануунун башка түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизүүгө алып келет.

2. Мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүнүн (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоонун), аларды эсепке алуунун, абалына мониторинг жүргүзүүнүн, коргоону жана пайдаланууну контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү жайгашкан тиешелүү аймактардын жерлери белгиленген чектерде жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш.";

15) мамлекеттик тилдеги 7-главанын аталышында "Биочөйрөлүк" деген сөз "Биосфералык" деген сөзгө алмаштырылсын;

16) 28-беренеде:

а) мамлекеттик тилдеги аталышында жана беренеде "Биочөйрөлүк", "биочөйрөлүк" деген сөздөр "Биосфералык", "биосфералык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) мамлекеттик тилдеги 29-берененин 2-бөлүгүндө "биочөйрөнүн" деген сөз "биосферанын" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [23-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-23-3)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-4)
