23-3-берене. Геологиялык паркты (геопаркты) коргоо режими
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
1. Геологиялык парктын (геопарктын) аймагында анын жаратылыш, тарыхый-маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзгөчө коргоонун дифференцияланган режими белгиленет.
2. Геологиялык парктын (геопарктын) аймагы төмөнкүдөй зоналарга бөлүнөт:
- негизги зона;
- туристтик-рекреациялык иштин зонасы.
3. Негизги зонада бүткүл жаратылыш комплекси катуу корголот, экосистемалардагы өзгөрүүлөргө мониторинг, жаратылыш процесстеринин табигый өөрчүүсүн бузбаган илимий изилдөөлөр жана өз алдынча иш-чаралар жүргүзүлөт. Жөнгө салынуучу туристтик-рекреациялык ишке, анын ичинде туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду уюштурууга, рекреациялык жүк ченемдерин эске алуу менен бивак жайларын жана кароочу аянтчаларды орнотууга жол берилет.
4. Геопарктын негизги зонасынын аймагында коргоого алынган жаратылыш комплекстерине жана объекттерге зыяндуу таасир тийгизүү коркунучун жараткан ар кандай иштерге, атап айтканда, төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- геологиялык, гидрологиялык режимди өзгөртүүгө алып келүүчү аракеттерге;
- өндүрүштүк жана башка капиталдык объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;
- геологиялык чалгындоо иштерине жана пайдалуу кендерди иштетүүгө;
- башкы пайдалануу тартибинде токойлорду кыюуга;
- жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн көчүрүп киргизүүгө (акклиматизациялоого);
- геопарктын табигый, илимий, маданий жана эстетикалык маанисин төмөндөтүүгө алып келүүчү башка иштерге.
5. Туристтик-рекреациялык иштин зонасы болуп негизги зонаны курчап турган же аны менен чектешкен, иштин салттуу түрлөрү, экологиялык туризм үчүн, ошондой эле ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу аймак саналат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230008904/st-23-3" title="23-3-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>