# 2-берене

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5344/edition/10850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008904/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-2

---

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"биосфера - тирүү организмдер жашаган, алардын таасири астында турган жана алардын жашоо-тиричилигинин продуктулары ээлеген, анда Жердин глобалдуу экотутумдарын туюндурган биологиялык тутумдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлүүчү Жердин катмары;";

б) мамлекеттик тилдеги жыйырма сегизинчи абзацта "биологиялык чөйрө" деген сөздөр "биосфера" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же жасалма келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук байлык болуп эсептелген, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын участоктору;";

2) 5-статьяда:

а) биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасында жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары: мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, рекреациялык зоналар, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар түзүлөт. Аймактарды тарыхый-маданий, эстетикалык, туристтик-рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоочу маанидеги объекттерге киргизүү, аларды түзүү тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен жөнгө салынат.";

в) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-статьяда, 15-статьянын алтынчы бөлүгүндө, 25-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 26-статьянын экинчи бөлүгүндө, 29-статьянын экинчи бөлүгүндө, 31-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 37-статьянын экинчи бөлүгүндө, 40-статьянын аталышында жана биринчи абзацында, 43-статьяда, 44-статьянын тогузунчу абзацында, 56-статьянын биринчи бөлүгүндө түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 17-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чарбалык жана/же башка иштин объекттерин, анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды жайгаштыруу ордун аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.";

5) 41-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"41-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы министрликтердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишине контроль жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү, министрликтердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын бул жааттагы ишин координациялоо;

- жерлерди, жер казыналарын, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду жана башка өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууну жана коргоону, ошондой эле экологиялык коопсуздук ченемдеринин сакталышын мамлекеттик контролдоо;

- айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;

- жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу жана айлана-чөйрөнү булгануудан жана башка зыяндуу таасирлерден коргоо боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, ченемдерди жана стандарттарды иштеп чыгууну уюштуруу, иштеп чыгуу жана бекитүү;

- экологиялык сертификациялоо жаатындагы иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органын уюштуруу, айлана-чөйрө объекттерин, жаратылыш ресурстарын, продукцияны, материалдарды жана чийки заттарды, өндүрүш жана керектөө калдыктарын, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды болтурбоого багытталган технологиялык процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экологиялык сертификациялоодон өткөрүү, экологиялык сертификаттарды берүү, экологиялык сертификациялоо боюнча органдарды, айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу тутумун, экоаналитикалык лабораторияларды аккредитациялоо;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу;

- министрликтерден, административдик ведомстволордон, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан экологиялык мүнөздөгү маалыматтарды акысыз алуу;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун токтотуу, экологиялык зыяндуу иштерди чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү калдыктарды утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга, көмүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, ташып келүүгө, ташып чыгууга жана сатууга лицензияларды берүү;

- эгерде аларды эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу менен же булгоочу заттарды чыгаруу жана таштоо лимиттеринен ашуу менен жүзөгө ашырылып жатса, ишканалардын жана башка объекттердин ишин чектөө, токтото туруу же токтотуу;

- региондук, мамлекеттик, мамлекеттер аралык экологиялык программаларды иштеп чыгуу;

- жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана баалоону уюштуруу, жаратылыш ресурстарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;

- айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдаланууну башкаруунун экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана анын өлчөмдөрүн түзөтүү;

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш-корук фондун башкаруу, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзүү, жаратылыш-корук ишин уюштуруу;

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик башка органдардын иштерин координациялоо;

- жарандарга жалпы үзгүлтүксүз экологиялык тарбия берүү жана билим берүү тутумун уюштурууга катышуу;

- айлана-чөйрөнү коргоо, продукциянын жана технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.";

б) расмий тилдеги экинчи бөлүктүн онунчу абзацында "сертификатов" деген сөз алып салынсын;

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904/st-3)
