# Айдаркен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 55 "Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Айдаркен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 55 "Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28866/edition/10759/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айдаркен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 55 "Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ" токтому (22.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008824

---

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

2023-жылдын 22-сентябрындагы № 55

Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн ѳркүндѳтүү жана региондорду ѳнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жѳнүндѳ” жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана административдик-аймактык реформанын жүрүшүнүн негизинде Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳгү маселени карап, талкуулап чыгып Айдаркен шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирлик айыл аймагынын бардык айылдарын, Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылын, Баткен районуна караштуу Бѳжѳй, Сай айылдарын Айдаркен шаарынын курамына кошулушуна макулдук берилсин.

2. Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылын, Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылын, Жал айылынын Аэропорт участкасын жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана чыпкалоо жайгашкан жер аянттары толугу менен Айдаркен шаарынын курамына кошулушуна макулдук берилсин.

3. Аталган айыл аймактарды жана айылдарды Айдаркен шаарынын курамына кошуу жагы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

4. Тиешелүү маалыматтарды тактоо жана ушул токтомдун аткарылышы шаар мэри А.С.Мурзажановго жүктѳлсүн.

5. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

Төрага

А.К.Кожомбердиев
