# Баткен шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 77 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 77 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28848/edition/10739/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 77 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому (29.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008803

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын

2022-жылдын 29-декабры, № 77

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 1,3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун реализациялоо максатында Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды ыйгаруу, курулуш куруу, архитектура, транспорт жана коммуникация, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын биргелекен кортундуларыны негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун жобосуна ылайык шаар аймгында жер аянттарын бекитип берүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Баткен шаарынын аймагында тургундардын ээлеп жүргөн жер аянттары аймактардагы белгиленген норма менен бекитилип берилсин.

3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жүктөлсүн.

Төрага

А.Аширов
