# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июну № 97 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июну № 97 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5343/edition/10703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июну № 97 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008766

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 13-июну № 97

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008766/st-1)

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230008766/st-18)

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын: "Спорттук ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар болгондо, спорттук ок атуучу сайлуу куралдын патрондорун дүрмөттөө расмий каттоодон өткөн спорттук уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жеке пайдалануусу үчүн даярдалышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008766/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 8-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
