# Баткен шаарындык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 75 "Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаарындык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 75 "Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28821/edition/10700/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаарындык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 75 "Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому (29.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008765

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын

2022-жылдын 29-декабры, № 75

Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 4-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 26-декабрдагы бюджет, экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Баткен шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.

2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн

3. Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №2-3/36 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жана шаар мэринин 1-вице мэрине /А.Орозовго/ жүктөлсүн

Төрага

А.Аширов
