Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (V чакырылыш) 2021-жылдын 28-сентябры № 9 Ош шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэри А.Мамбетовдун Ош шаарынын мэриясынын түзүмү жана аппаратынын штаттык саны боюнча киргизген долбоорун карап жана талкуулап, “Ош шаарынынын статусу” жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы №2 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясынын түзүмү жана аппаратынын штаттык саны №1 жана №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2.Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн, штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, Регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Усонов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
С.Назылбеков
Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сессиясынын №9 токтомунун №1тиркемеси
Ош шаарынын мэриясынын түзүмү
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
К.Камчиев
Ош шаардык кеңешин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сессиясынын №9 токтомунун №2 тиркемеси
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү жана штаттык саны
№
Кызмат орундардын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
1.
Мэр
1
2.
Биринчи вице-мэр
1
3.
Вице-мэр
3
4.
Аппарат жетекчиси
1
5.
Мэрдин кеңешчиси
1
6.
Мэрдин жардамчысы
1
7.
Бөлүм башчы
7
8.
Башкы адис
15
9.
Жетектөөчү адис
15
10.
Адис
6
Бардыгы:
51
11.
Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер
13
12.
Кенже тейлөө кызматкерлер
6
Бардыгы:
19
Жыйынтыгы:
70
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
К. Камчиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.08.2018 · № 134 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.08.2018 · № 134 · Күчүн жоготкон