# Кароол айылдык кеңешинин 2024- жылдын 20- апрелиндеги № 31/3 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кароол айылдык кеңешинин 2024- жылдын 20- апрелиндеги № 31/3 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/3
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28613/edition/10475/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кароол айылдык кеңешинин 2024- жылдын 20- апрелиндеги № 31/3 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (20.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008542

---

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 31-сессиясы

2024– жылдын 20-апрели № 31/3

Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кароол айыл өкмөтүнүн 18.04.2024-жылдагы №115 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы №346 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 16.01.2024-жылдагы №9 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесинин талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 31-сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын чыгыш №01-9/568 сандуу 11.04.2024-жылдагы корутундусуда көрсөтүлгөн жалпы 29.3 га суу фондунун жерлери Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагы Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Э.М.Эралиев
