Каракол шаардык кеңешинин «Каракол шаарынын машыктыруучуларына жана спортчуларына жыл сайын берилʏʏчʏ сыйлыктар жѳнʏндө Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 4-сентябры № 28-30/11
Каракол шаарынын машыктыруучуларына жана спортчуларына жыл сайын берилʏʏчʏ сыйлыктар жѳнʏндө Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Н.Т.Турсунбековдун, 2023-жылдын 04-августундагы, чыг.№ 01-16/3484 катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXX сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаарынын машыктыруучуларына жана спортчуларына жыл сайын берилʏʏчʏ сыйлыктар жѳнʏндѳгʏ» Жобо бекитилсин. (тиркеме №1)
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизүү ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
5.
Төрага
Т.Ж.Акимканов
Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2023-жылдын 4-сентябрындагы №28-30/11 токтомуна №1 тиркеме
Каракол шаарынын алдыңкы спортчуларына бир жылда бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
ü Ушул жобо Каракол шаарынын алдыңкы спортчуларына спорттун түрлөрү боюнча бир жылда бир берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмүн, аны дайындоонун жана төлөп берүүнүн тартибин аныктайт. ü Каракол шаарынын алдыңкы спортчуларына акчалай сыйлыктар жергиликтүү бийлик органынын тийиштүү жылга каралган каражаттарынан төлөнөт. ü Спорттун түрлөрү боюнча эл аралык, азиялык жана дүйнѳлүк мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон Каракол шаарынын жарандары – машыктыруучулары жана спортчулары акчалай сыйлыктын ээси боло алышат.
2. Акчалай сыйлыктын түрлѳрү жана төлөп берүүнүн
тартиби
ü Стипендиялардын өлчөмдөрү календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша, жергиликтүү бийлик органынын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана спортчуларга бир жылда бир жолу берилет.
ü Акчалай сыйлыктар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча -2 категорияга (чондор, жаштар-кадеттер), спорттун улуттук түрлөрү боюнча - 2 категорияга (чондор, жаштар-кадеттер), спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча - 3 категорияга (чондор, жаштар-кадеттер) бөлүнөт. Мындан сырткары баардык спорттун түрлѳрү боюнча таблица түзүлѳт (№1 таблица).
3. Акчалай сыйлыкты дайындоонун критерийлери
ü Акчалай сыйлыктар бир жылдык мөөнөткө дайындалат. Акчалай сыйлыкты дайындоо Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бѳлүмү тарабынан жүргүзүлгѳн мониторингдин жыйынтыгы менен ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн (№1 таблицадагы) мелдештердин денгээлине ылайык дайындалат.
Эскертүү:
- машыктыруучулар (машыгуу процесстерин эске алуу менен бирге машыктыруучулардын эмгегин жогору баалап) спортчунун алган акчалай сыйлыгы менен бирдей сумма (100 %) алууга тийиш. Акчалай сыйлык жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу түрдѳ Каракол шаарынын мэринин катышуусунда жана Каракол шаардык депутаттар кенешинин депутаттарынын катышуусунда тапшырылат.
- спортчулар жыл башынан баштап, жылдын аягына чейин спорттун түрлѳрү боюнча эл аралык, азиялык жана дүйнѳлүк мелдештерде, кубоктордо, биринчиликтерде (олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча Азия оюндарында, Дүйнөлүк универсиадада жана Ислам тилектештик оюндарында жана башка спорттук мелдештерде) ийгилик жаратканда гана ушул Жобонун 3-пунктунда аныкталган критерийлердин негизинде акчалай сыйлык ала алышат. Мелдештерде катышуучулардын саны 4 мамлекеттен кем болбоого тийиш;
4. Акчалай сыйлыктын ээлерин аныктоо тартиби
8. Акчалай сыйлыкка талапкерди аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
ü спортчунун арызы же машыктыруучунун рапорту; ü мелдештин протоколу; ü акчалай сыйлыкты которуу үчүн карталык эсеп; ü паспорттун көчүрмөсү.
9. Акчалай сыйлыкты берүү төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
ü башка райондун, шаардын жараны болсо(пропискасы башка) же Каракол шаардык балдар-ѳспүрүмдѳр мектебинде жана Каракол шаардык балдар жана ѳспүрүмдѳрдүн олимпиадалык резервиндеги спорттук мектебинде катталбаса; ü тапшырган документтер так болбогондо; ü спорттук этиканы, спорт менен машыгуу режимин бузгандыгын ырастоочу документтер берилгенде; ü эл аралык мелдештерге чет мамлекет үчүн чыкканда; ü спорттук ишти токтоткондо.
Каракол шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Э. А.Майрыков
Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бѳлүмүнүн башчысы А. Керимкулов
Каракол шаарынын мыкты машыктыруучуларды жана спортчуларды жергиликтүү бюджеттен сыйлоо ѳлчѳмү.
1- Таблица
Категория
1-категория (чондор); 2-категория (жаштар, кадеттер);
Жетишкендиктер
Мелдештердин аталышы
Дүйнѳ биринчилиги, кубогу жана чемпионаты
Азия биринчилиги, кубогу жана чемпионаты
Эл аралык биринчиликтер, кубоктор жана чемпионаттар
Спорттун олимпиадалык түрлѳрү
Чондор арасында
1-орун
500 000 сом
200 000 сом
50 000 сом
2-орун
400 000 сом
150 000 сом
30 000 сом
3-орун
300 000 сом
100 000 сом
20 000 сом
5-орун
200 000 сом
----
----
Жаштар арасында
1-орун
250 000 сом
150 000 сом
30 000 сом
2-орун
200 000 сом
100 000 сом
20 000 сом
3-орун
150 000 сом
80 000 сом
15 000 сом
Спорттун олимпиадалык эмес түрлѳрү
Чондор арасында
1-орун
300 000 сом
200 000 сом
50 000 сом
2-орун
200 000 сом
150 000 сом
30 000 сом
3-орун
100 000 сом
75 000 сом
20 000 сом
5-орун
75 000 сом
----
----
Жаштар арасында
1-орун
200 000 сом
150 000 сом
30 000 сом
2-орун
150 000 сом
100 000 сом
20 000 сом
3-орун
100 000 сом
80 000 сом
15 000 сом
Спорттун улуттук түрлѳрү
Чондор арасында
1-орун
300 000 сом
200 000 сом
50 000 сом
2-орун
200 000 сом
150 000 сом
30 000 сом
3-орун
100 000 сом
75 000 сом
20 000 сом
5-орун
75 000 сом
----
----
Жаштар арасында
1-орун
200 000 сом
150 000 сом
30 000 сом
2-орун
150 000 сом
100 000 сом
20 000 сом
3-орун
100 000 сом
80 000 сом
15 000 сом
Мелдештердин аталышы
Категория 1-категория (чондор); 2-категория (жаштар, кадеттер);
Жетишкендиктер
Сыйлыктары
Олимпиада оюндары
1-орун
1 000 000 сом
2-орун
800 000 сом
3-орун
600 000 сом
Азия оюндары
1-орун
1 000 000 сом
2-орун
800 000 сом
3-орун
600 000 сом
СНГ оюндары, Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары, Азия балдары спорттук оюндары, Студенттер арасындагы дүйнѳлүк, азиялык универсиада. Ислам оюндары,(ж.б.)
1-орун
150 000 сом
2-орун
100 000 сом
3-орун
75 000 сом
Крыгыз Республикасынын чемпионаты
Чондор арасында
1-орун
50 000 сом
Олимпиадага жолдомо (лицензия)
Чондор арасында
Жолдомо (лицензия)
500 000 сом
Жаштар арасында
Жолдомо (лицензия)
500 000 сом
Эскертүү: Масрестлинг спортунда ийгиликке жетишкен спортчулар спорттун олимпиадалык эмес түрлѳрү боюнча бериле турган акчалай сыйлыктын 50% пайызын ала алышат.
Каракол шаарынын мыкты машыктыруучуларын жана спортчуларды жергиликтүү бюджеттен сыйлоо ѳлчѳмү. Каракол шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Э. А. Майрыков
Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бѳлүмүнүн башчысы А. Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.