# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28461/edition/10296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008365

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 7-июну № 298

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун туруктуу ишин камсыз кылуу, каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

- 4-пунктта "Премьер-министринин", "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын", "Президентинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6, 34-пункттарда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 36-пунктта:

он алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Ысык-Көл облусунун жашоочуларын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды тиешелүү финансылык келишим түзүү аркылуу каржылоого.";

- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"40. Түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 2,5 пайызынан көп эмес өлчөмдөгү каражаттар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун күтүүгө пайдаланылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
