Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 „Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-июну № 298
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун туруктуу ишин камсыз кылуу, каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 4-пунктта "Премьер-министринин", "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын", "Президентинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6, 34-пункттарда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 36-пунктта:
он алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Ысык-Көл облусунун жашоочуларын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды тиешелүү финансылык келишим түзүү аркылуу каржылоого.";
- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 2,5 пайызынан көп эмес өлчөмдөгү каражаттар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун күтүүгө пайдаланылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 27.07.2011 · № 416
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 27.07.2011 · № 416
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122