# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230008305)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008305/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5337/edition/10250/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008305/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (11.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008305/st-1

---

("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги онунчу абзацта "унаа" деген сөз "түзүлүш" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"жөө жүрүүчү - транспорт каражатына түшпөй жолдо, же болбосо жөө жүрүүчү же велосипед жүрүүчү жолчодо жүргөн жана аларда иш аткарбаган адам. Жөө жүрүүчүлөргө майыптардын коляскасында бараткан, жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелеген, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерин, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды пайдаланган адамдар теңештирилет; жеке мобилдүүлүк каражаты - кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар). Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо (киреге, ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.";

2) 5-статьянын төртүнчү абзацы "автомобиль" деген сөздүн алдында "жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарында, анын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008305/st-2)
