# Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майы №30/5 “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майы №30/5 “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/5
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28367/edition/10186/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майы №30/5 “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө" токтому (13.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008248

---

КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы

2024-жылдын 13–майы № 30/5

“Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө

Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 06-майындагы №01-20/245 чыгыш катынын негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кулунду айыл аймагына караштуу мурдакы Ленин айылынын аты “И. Раззаков” айылы жана Коммунизм айылынын аты “Ак-Арык” айылы болуп өзгөртүлсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде мамлекеттик реестрге киргизилсин. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төраганын у.м.а Т. Ы. Абдибапов
