# Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрели №29/6 “Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрели №29/6 “Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/6
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28329/edition/10146/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрели №29/6 “Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө” токтому (22.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008208

---

КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

2024-жылдын 22–апрели № 29/6

“Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча” мамлекеттик программа, токтомун аткаруу максатында Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объекттилери эстелик катары таанылып, коргоого алынсын.

2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага А. А. Досов
