# 4-берене

- Документ: [Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-майындагы № 88 "Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5336/edition/10127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008187/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-4

---

"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 536-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкага жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.";

2) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Зайымдын суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдөн ашкан зайым келишими боюнча маалыматтарды кошпогондо, ломбард зайым келишими боюнча жана зайымчы жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды насыялык бюрого берүүгө укугу жок.".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-5)
