4-берене
Күчүндө · 23.05.2024 редакциясы
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 536-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкага жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.";
2) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Зайымдын суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдөн ашкан зайым келишими боюнча маалыматтарды кошпогондо, ломбард зайым келишими боюнча жана зайымчы жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды насыялык бюрого берүүгө укугу жок.".
Берененин тексти 23.05.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ломбарддардын иши жөнүндөЗакон · 22.06.2016 · № 87
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230008187/st-4" title="4-берене - Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>