# 3-берене

- Документ: [Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-майындагы № 88 "Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5336/edition/10127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230008187/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-3

---

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтар бир жыл сакталат, ал мөөнөтү өткөндөн кийин насыялык бюро тарабынан карыз алуучунун насыялык тарыхынан чыгарылат.";

2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтарды ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде;".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187/st-4)
