# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" №10/68 токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" №10/68 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/68
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28193/edition/9988/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" №10/68 токтому (19.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008041

---

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы 2024-жылдын 19-апрели №10/68 Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген жобого, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Төлөк айылындагы контур №2246, №2287 Көк-Тай – 1,38 га, контур №2216, №2217 Бучук – 0,90 га учаскаларындагы БСРди айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Бишкек-Сары-Булак-Торугарт унаа жолунун Сары-Булак айылындагы соода вагондору турган контур №1803 – 0,12 га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

3. Сары-Булак-Ак-Кыя-Арчалы унаа жолундагы контур №178 Ак-Кыя – 1,0 га, контур №4 Сары-Булак – 1,0 га жана контур №2290, №2293 Төлөк – 1,0 га таштанды төгүлүүчү жайлар (полигондор) турган жер аянттарды айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

4. Сары-Булак-Ак-Кыя-Арчалы унаа жолунун Сары-Булак айылындагы контур №4 (а.ө. кеңсесин курууга) – 0,25 га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

5 Сары-Булак-Ак-Кыя-Арчалы унаа жолунун Сары-Булак айылындагы контур №1 (мектеп курууга) -1,0га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык баласасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

6. Бишкек-Сары-Булак-Торугарт унаа жолунун Сары-Булак айылындагы контур №1800 – 1,78 га, (калктуу конушту кеңейтүүгө) жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу
