# Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №5 "«Үч-Төбө айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесинин кошулуусу жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №5 "«Үч-Төбө айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесинин кошулуусу жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28184/edition/9981/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №5 "«Үч-Төбө айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесинин кошулуусу жөнүндө" токтому. (13.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008027

---

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 20-февралы № 5 «Үч-Төбө айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесинин кошулуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтомун жетекчиликке алып, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Үч-Төбө” айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев” атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жолу менен «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекмеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы Турганбаев Мустафа Жанибековичке жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага:

Асантай уулу А.
