# Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №9 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №9 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28164/edition/9957/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №9 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому. (14.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008002

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы 2024-жылдын 29-февралы № 9 Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.

2. Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га жер бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.

Төрага

А.Абдукалилов
