Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 „Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июну № 294
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик илимий же илимий-техникалык уюмдун жетекчисинин кызмат ордуна мурда ушул токтом күчүнө киргенге чейин белгиленген тартипте дайындалган адамдар ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик илимий же илимий-техникалык уюмдардын уюштуруу документтерин бекитүү жөнүндө тиешелүү чечими күчүнө киргенден кийин ээлеген кызмат ордуна кайра дайындалууга (тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушусуз жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз) тийиш экендиги;
2) кайрадан дайындалган мамлекеттик илимий же илимий-техникалык уюмдардын жетекчилери биринчи мөөнөткө дайындалды деп эсептелери.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жободо:
- 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы илимий уюмдун директорун сунушсуз өз демилгеси боюнча дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.";
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна)Типовое положение · 28.09.2023 · № 511
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 511
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 511
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Илим жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 170