# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПТ № 107 (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган объекттерди ыкчам куруу жана реконструкциялоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПТ № 107 (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган объекттерди ыкчам куруу жана реконструкциялоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007873>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19209/edition/9811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007873.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПТ № 107 (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган объекттерди ыкчам куруу жана реконструкциялоо тууралуу) тескемеси (05.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007873

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 5-июну ПТ № 107

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган объекттерди ыкчам куруу жана реконструкциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте төмөнкү объекттерди долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү (подрядчыларды) аныктасын:

- жаңы ат майданын (Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагы);

- Ала-Тоо аянтын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун флагштогун жана фонтанды (Бишкек шаары, Чүй проспекти);

- "Алга" Бишкек спорт борборун ("Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборунун аймагы, Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200);

- Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан спорт аренасын (Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7);

- мектепке чейинки билим берүү мекемесин (Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичирайону, 18/1).

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
