# КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007870>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28055/edition/9808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007870.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007870

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 2-апрели № 150

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жаныбарлардан алынган продукттардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жободо:

1) 3-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Ыйгарым укуктар келишимге ылайык 1 жылдык мөөнөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.";

3) 6-пунктта:

- экинчи абзацта "максаттарга берилген" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Жободо жана келишимде көрсөтүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча отчетторду берүү формаларын жана тартибин аныктоо үчүн жеке ветеринардык адистерге берилүүчү материалдык каражаттардын тизмегин аныктоо;";

4) 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга жана аларды үчүнчү жактарга бербөөгө;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
