Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө ЖОБО
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 108 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылынын (мындан ары - жаштар кыймылы) укуктук абалын, максаттарын, ишинин уюштуруучулук негиздерин, ошондой эле аны түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Жаштар кыймылы жаштардын социалдык-маданий активдүүлүгүн, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, ошондой эле коомдук турмуштун процесстерине тартуу үчүн түзүлгөн ыктыярдуу, өз алдынча башкарылуучу коммерциялык эмес коомдук уюм болуп саналат.
2. Жаштар кыймылынын укуктук абалы
3. Жаштар кыймылы өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык коммерциялык эмес уюм формасындагы юридикалык жакты түзүү менен жүзөгө ашырат.
4. Жаштар кыймылынын уюштуруучу документи болуп Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жаштар кыймылынын уюштуруу чогулушунда бекитилүүчү устав саналат.
5. Жаштар кыймылынын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жаштар кыймылынын башкармасынын чечими боюнча киргизилет. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн же жаңы редакцияда бекитүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарына так ылайык жаштар кыймылынын уставында чагылдырылат.
6. Жаштар кыймылынын өз алдынча балансы, банк уюмдарында алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери, ал жайгашкан жерди көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук аталышы жазылган тегерек мөөрү, өзүнүн аталышы жана символикасы бар штамптары, бланктары бар.
7. Жаштар кыймылы алынган пайданы уюштуруучулардын, мүчөлөрдүн жана башка жактардын ортосунда бөлүштүрбөстөн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Жаштар кыймылынын чарбалык ишинин натыйжасында алынган пайда жаштар кыймылынын уставында аныкталган максаттарга жетүү үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
8. Жаштар кыймылынын менчигинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, анын ичинде имарат, курулма, жабдуулар, инвентарь, турак жай фонду, маданий-агартуу жана ден соолукту чыңдоо багытындагы мүлк, акча каражаттары жана ишин материалдык камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка мүлк болушу мүмкүн.
3. Жаштар кыймылынын максаттары жана милдеттери
9. Жаштар кыймылынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик саясатты жаштардын кызыкчылыгында жүргүзүүгө көмөктөшүү;
2) жаштарды тарбиялоого, алардын кесиптик багытын аныктоого, жаштардын бош убактысын уюштурууга көмөктөшүү;
3) жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү жана өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
4) жаштарды коомдо толук кандуу жашоого даярдоо, анын ичинде салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде алардын дүйнө таанымын калыптандыруу;
5) жаштардын социалдык активдүүлүгүн, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, маданий жактан байытуу жана коомдук турмушка тартуу;
6) жаштар арасында билим деңгээлин жогорулатууга багытталган билим берүү программаларын жана долбоорлорун колдоо;
7) жаштарды кесиптик багыттоого жана ишке орноштурууга көмөктөшүү;
8) социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу жана социалдык адилеттүүлүк маселелерине көңүлдөрүн буруу;
9) экологиялык көйгөйлөргө жаштардын көңүлүн буруу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл жана туруктуу демилгелерди жайылтуу боюнча долбоорлорго катышуу;
10) жаштардын стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун колдоо;
11) ар түрдүү маданияттардын жана диндердин өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүүгө жана толеранттуулукка көмөктөшүү;
12) искусство, адабият жана музыка жаатындагы жаш таланттарды колдоо;
13) жаштар уюмдары жана башка өлкөлөрдүн кыймылдары менен эл аралык кызматташтыкты уюштуруу;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар.
10. Жаштар кыймылы жогоруда аталган максаттарга жетүү үчүн өзүнүн алдына төмөнкү милдеттерди коёт:
- жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоо жана өнүктүрүү;
- жаштар үчүн билим берүүчү, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү;
- жаштардын волонтердук кыймылын өнүктүрүү жана жайылтуу;
- жаштардын коомдук жана саясий турмушка катышуусуна көмөк көрсөтүү;
- жаштардын позитивдүү образын калыптандыруу жана терс стереотиптер менен күрөшүү;
- келечектеги карьерага даярданууга көмөктөшүү;
- турмуштук оор кырдаалга туш болгон жаштарга колдоо көрсөтүү;
- мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды коомго интеграциялоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
- сергек жашоо мүнөзүн популярдаштыруу жана зыяндуу адаттардын алдын алуу;
- маданий жана көркөм иш-чараларды колдоо жана уюштуруу;
- жаштардын чыгармачылык жана маданий демилгелерин өнүктүрүү;
- экологиялык долбоорлорду жана иш-чараларды уюштуруу;
- туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөгө кам көрүү принциптерин популярдаштыруу;
- толеранттуулукту жана тынчтыкты чыңдоого багытталган долбоорлорду уюштуруу;
- жаштар арасында инновацияны жана технологиялык прогрессти илгерилетүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана эл аралык өнөктөштөр менен жаштарга тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенүү.
4. Жаштар кыймылынын ишинин уюштуруучулук негиздери
11. Жаштар кыймылынын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жаштар кыймылынын жалпы чогулушу;
- жаштар кыймылынын төрагасы.
12. Жаштар кыймылынын жалпы чогулушу жаштар кыймылынын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
13. Жаштар кыймылынын бирдиктүү символикасы, анын ичинде эмблемалары, желектери, вымпелдери жана жаштар кыймылынын башкармасы тарабынан бекитилүүчү башка символикалары бар.
14. Жаштар кыймылынын жалпы чогулушу жаштар кыймылынын мүчөлөрүнөн турат.
15. Жаштар кыймылынын төрагасы жаштар кыймылын башкаруунун аткаруучу органы болуп саналат жана жаштар кыймылынын ишине жалпы жетекчилик кылат.
16. Жаштар кыймылынын төрагасынын бир орун басары болот, ал жаштар кыймылынын төрагасы жок учурда жаштар кыймылын жетектейт. Төрага жана төраганын орун басары жаштар кыймылынын жалпы чогулушу тарабынан жаштар кыймылынын жалпы чогулушу мүчөлөрүнүн ичинен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
5. Ишти түзүүнүн жана уюштуруунун тартиби
17. Жаштар кыймылына мүчөлүк жаштар кыймылынын максаттарына жана милдеттерине ортоктош болгон жана анын ишине активдүү катышууга даяр Кыргыз Республикасынын бардык жаш жарандары үчүн ачык.
18. Жаштар кыймылынын мүчөлөрүн кабыл алуунун жана чыгаруунун тартиби жаштар кыймылынын уставы менен аныкталат.
19. Жаштар кыймылынын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте түзүлүүчү филиалдары жана өкүлчүлүктөрү болушу мүмкүн.
20. Жаштар кыймылынын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жаштар кыймылынын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
21. Жаштар кыймылынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү өзүнүн иш программаларын мындай программаларды жаштар кыймылынын өкүлү менен милдеттүү түрдө макулдашуу шартында иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
22. Жаштар кыймылынын жалпы чогулушу уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
23. Жаштар кыймылынын комитеттерин жана жумушчу топторун түзүүнүн тартиби жаштар кыймылынын уставы менен аныкталат.
24. Жаштар кыймылы тараптар менен макулдашуу боюнча комитеттердин жана жумушчу топтордун курамына жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн киргизүүгө укуктуу.
25. Жаштар кыймылы өз долбоорлорун жана иш-чараларын биргелешип ишке ашыруу үчүн волонтерлорду жана өнөктөштөрдү тартууга укуктуу.
6. Жаштар кыймылынын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
26. Жаштар кыймылынын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- жаштар кыймылына кирүүгө жана анын ишине активдүү катышууга. Жаштар кыймылынын мүчөлүгүнө кабыл алуунун тартиби жаштар кыймылынын уставы менен аныкталат;
- өз ой-пикирин билдирүүгө, идеяларды сунуштоого жана кыймылдын ишине тиешелүү чечимдерди талкуулоого катышууга;
- жаштар кыймылынын иши, анын максаттары, милдеттери жана пландары жөнүндө актуалдуу жана анык маалыматтарды алууга;
- чечимдерди кабыл алуу процессине, анын ичинде ишинин программаларын бекитүүгө катышууга;
- өзүнүн маалыматтарынын купуялуулугуна жана басмырлоодон коргоого;
- жаштар кыймылы уюштурган иш-чараларга, долбоорлорго жана акцияларга катышууга.
27. Жаштар кыймылынын катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жаштар кыймылынын уставын сактоого;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого жана аткарууга;
- жаштар кыймылынын ишине активдүү катышууга, анын максаттарын жана милдеттерин колдоого;
- жаштар кыймылын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- өз ишинде жогорку этикалык стандарттарды карманууга, жол берилгис жүрүм-турумдан жана зомбулукту пропагандалоодон алыс болууга;
- жаштар кыймылынын башка катышуучуларынын укуктарын жана пикирлерин сыйлоого.
7. Жаштар кыймылынын катышуучуларын эсепке алуу
28. Жаштар кыймылынын катышуучуларын эсепке алуу үчүн электрондук реестр (портал) түзүлөт, ал жаштар кыймылынын мүчөлүгүнө талапкер тарабынан толтурулат жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- катышуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- туулган датасы;
- байланыш маалыматы (телефон номери, электрондук почта);
- жашаган дареги.
29. Жаштар кыймылынын катышуучуларын эсепке алуу жаштар кыймылынын төрагасы тарабынан маалыматтардын купуялуулугу жана коопсуздугу принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
8. Ишти каржылоо
30. Жаштар кыймылынын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- тартылган каражаттардын;
- өздүк каражаттардын;
- жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.
9. Корутунду жоболор
31. Жаштар кыймылы жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка стратегиялык документтерди аткаруу жана ишке ашыруу боюнча жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет.
32. Жаштар кыймылын жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.