# Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-январындагы №22/3 "“ Кашка-Жол” айыл өкмөтү мекемеси менен Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-январындагы №22/3 "“ Кашка-Жол” айыл өкмөтү мекемеси менен Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/3
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27860/edition/9584/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-январындагы №22/3 "“ Кашка-Жол” айыл өкмөтү мекемеси менен Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому. (31.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007628

---

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы 2024-жылдын 27-январы № 22/3 “Кашка-Жол” айыл өкмөтү мекемеси менен Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрь ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилотук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды жана филиалдарды (бөлүкчөлөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Кашка-Жол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛЫТ:

1.“Кашка-Жол “ айыл өкмөтү мекемеси жана “Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин бириктирүү жолу менен “Кара-Кочкор” айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Кашка-Жол” айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековко жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Нажимидинов
