# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 353
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10604/edition/9558/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007593

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 24-августу ПЖ № 353

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүндө:

## 3-глава

нын үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмүндө "Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар" деген сөздөр "Элечек" кыргыз улуттук баш кийими менен Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 27-августундагы № 91 саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
