Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кристалл-Банкрот» ачык акционердик коомунун аймагын изилдөө тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 29-майы № 295-т
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жайгашкан "Кристалл-Банкрот" ачык акционердик коомунун аймагында уулуу коркунучтуу химиялык заттарды утилдештирүү боюнча иштерди пландаштырууда эсепке алынуучу потенциалдуу экологиялык жана өндүрүштүк тобокелдиктерди аныктоо боюнча техникалык аудит жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте компетенттүү органдарды же уюмдарды тартуу менен "Кристалл-Банкрот" ачык акционердик коомунун аймагын изилдөө, иш жүзүндө сакталган уулуу коркунучтуу химиялык заттардын көлөмүн аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
2. Бул тескемени ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.